Бугу 12, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ош шаарында жаштар креативдүү борбору курула баштады

10.11.2021 16:42
509
Ош шаарында жаштар креативдүү борбору курула баштады


Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарында “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жаткан жаштар креативдүү борборунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов, “Youth of Osh” бирикмесинин аткаруучу директору Акмарал Сатинбаева, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жаштар катышты. 


“Жаштардын креативдүү борборунда жаштар өз максаттарын, идеяларын ишке ашырып, ошону менен шаардын өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенебиз. Бул жерде жаштар үчүн чыгармачыл жана инновациялык иш-чаралар, жолугушуулар уюштурулат”,-деди К.Досматов.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн