Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарындагы Бакыт үйү оңдоодон кийин ачылды

13.09.2022 14:51
819
Ош шаарындагы Бакыт үйү оңдоодон кийин ачылды



Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаарындагы Бакыт үйү капиталдык оңдоодон кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары Элиза Эсеналиева, “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” уюмунун жетекчиси Азизбек Ашуров, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты. 


Биринчи вице-мэр өз сөзүндө Бакыт үйү мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен быйылкы жылы оңдоодон өткөрүлгөнүн белгиледи. Бул имарат 1971-жылы курулуп, андан бери капиталдык ремонт болгон эмес. Жаңыланган имараттын ички бөлмөлөрү заманбап жасалып, сырты көрүнүшү да жакшыртылды. Көп кабаттуу үйдүн фасады боелуп, имараттын алдына асфальт төшөлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүрдү. Алдыда шлагбаум коюлат. Бул иштерге жалпысынан 8,5 млн. сом акча каражаты жумшалды. 


Э.Эсеналива жана А.Ашуров Бакыт үйүн жана айланасын оңдоо иштери үчүн мэрге ыраазычылыктарын билдиришти. 


Иш-чаранын жүрүшүндө баш кошкондоруна 50 жыл болгон жубайларды куттукташып, жаңы үйлөнүп жаткан түгөйлөргө нике күбөлүктөрү, ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Ошондой эле келгендер үчүн этно фуршет уюштурулду. 


Эскерте кетсек, 2021-жылы Ош шаарында баш кошкондордун саны 2819 болсо, 2022-жылдын 8 айында 1708 жуп каттоодон өткөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн