Ош шаарындагы бардык базарлар 1-июлдан баштап жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев муниципалдык базарга жана анын жанына жеке инвестор тарабынан салынып жаткан соода жайынын курулушун көрүп, жумуштарды тездетүүнү тапшырды.
"Бул жаңы курулуп жаткан базарга 1-июль күнү Ош шаарындагы (төрт базар бир күндө) "Келечек", "Бексултан", "Кийим-кечек рыногу", ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдары менен боёк саткан базарлар көчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Былтыр 14-июлда Ак-Буурадан ташыган суу базарды кошо каптаган. Кийин жабыр тарткан соодагерлер менен кездешкен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар коопсуз жерге көчүрүлөрүн билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн