Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде “Эскерүү оту” жанды

09.05.2022 06:34
980
Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде “Эскерүү оту” жанды

8-майда Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде “Эскерүү оту” жанды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлаштыю


Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, ардагерлер, аксакалдар, аскер кызматкерлери катышты.


Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев мемориалдык комплекстеги "Өчпөс отту" күйгүздү.


Вице-мэр Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап, фронттогу баатырларды эскерүү акциясынын өсүп келе жаткан муун үчүн маанисин белгиледи.


Белгилей кетсек, бул эстафетага КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жаштар бирикмелери, ыктыярчылар колдоо көрсөтүштү.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн