Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң деп бекитилди

10.02.2022 14:44
963
Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң  деп бекитилди

 


Бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңешинин V чакырылышынын сессиясы өттү. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жарандык коомдун жана массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.  Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Күн тартибине 8 маселе киргизилип, бир маселе кийинкиге калтырылды. 

1. Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2. Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө 

3. Ош шаарынын 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө 

4. Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө 

5. “ОшТВ” телеканалын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө 

6. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыковдун ысымын Ош шаарындагы “Кыргызстан” кинотеатрына ыйгаруу жөнүндө 

7. Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулган көп батирлүү турак үйлөрдү ипотекага берүүгө макулдук берүү жөнүндө


Жыйынтыгында Ош шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилип, 1 млрд. 600 млн. 510 миң сомду түздү. Белгилей кетсек, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 млн. 810 миң сомго көп болду. Анын ичинен; 

- салыктык кирешелер 1 365 600,0 миң сомду (85,3% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

- салыктык эмес кирешелер 154 910,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 000,0 миң сомду (5,0% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө. 


“Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:

- киреше салыгы - 100%;

- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;

- мүлк салыгы - 100%;

- жер салыктары - 100%;

- чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык - 100%;

-ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык – 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетинин кароосунда калууда.


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык 2022-жылы тротуарларды реконструкциялоого, социалдык обьектилерди жана жолдорду курууга, биргелешип каржылоо долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат. Ага байланыштуу 2021-жылга салыштырмалуу турак-жай жана коммуналдык чарба тармагына көбүрөөк, тагыраагы 34,9% акча каралды.


Ошондой эле экономикалык маселелерге 15,0%, жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар 17,4%, билим берүү тармагына 25,2%, маданият жана спорт тармагына 5,8%, социалдык коргоого 1,3% акча каражаты бөлүндү.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн