Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджети 2,5 млрд сом деп белгиленди

14.02.2023 15:19
501
Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджети 2,5 млрд сом деп белгиленди

Бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, жарандык сектордун, массалык маалымат каражаттарынын, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинин алкагында Ош шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөр каралды. Бюджет маселеси боюнча депутаттардын суроолоруна шаардын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык каржы башкармалыгынын өкүлдөрү жооп берип, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалымат беришти.

Жыйынтыгында Ош шаарынын 2023-жылга бюджети бекитилип, 2 млрд 509 млн 306,2 миң сомду түздү.

Маалым болгондой, 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 % га өсүп, же болбосо 908 796,2 миң сомго көбөйүп, 2 509 306,2 миң сомду түзүүдө, анын ичинен:

- салык кирешелери 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 80,7%);

- салык эмес кирешелери 356 180,0 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 14,1%);

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттен 5,2%) түздү.

КР “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрү төмөнкүдөй ченемде белгиленген:

- киреше салыгы - 100%;

- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;

- мүлк салыгы - 100 %;

- патенттин негизиндеги салык - 100%.

Ал эми жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү 2024-жылга 2 млрд 632 млн 874,0 миң сомду, 2025-жылга 2 млрд 768 млн 117,7 миң сомду түзүүдө.

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2023-жылга атайын каражаттарды кошкондо 2 509 306,2 миң сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 908 796,2 миң сомго көбөйгөн.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы калаа тургундарын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана жолдорду оңдоо, шаардын борбордук жолдорунун кесилиштериндеги тыгындарды жоюу маселелерине, долбоорлорду биргелешип каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.

2023-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөндөгүдөй сунушталат:

- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар - 15,7 %;

- коргонуу - 0,3 %;

- экономикалык маселелер - 19,6 %;

- турак жай жана коммуналдык чарба - 36,2 %;

- маданият жана спорт - 6,7 %;

- билим берүү - 20,4 %;

- социалдык коргоо - 1,1 %.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн