Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарынын ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр

06.09.2020 10:00
1027
Ош шаарынын ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр

Ош шаарынын жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даяр. Биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы ЖЭБдин жылытуу мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Ош шаардык мэриянын маалыматы боюнча, жылуулук электр борборундагы буу казандар толугу менен кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. Ошондой эле жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактар даяр.

Биринчи вице-премьер-министр күз-кыш мезгилдеринде ЖЭБде штаттан тышкары жагдайларга жол бербөө жана жылуулук түйүнүндөгү ар кыл маселелерди ыкчам чечүүгө даярдыкты камсыздоо керектигин белгиледи. 

«Кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн калкты жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо иштерин катуу көзөмөлгө алуу керек. Тармактык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери терс жагдайлар болуп кетпеши үчүн жылытуу мезгилинен чыгуудагы абалды күн сайын контролдоп, жөнгө салып турушу зарыл», - деди Алмазбек Баатырбеков. 

Маалымдама: Ош шаарындагы ЖЭБ 330 көп кабаттуу үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 19 бала бакчаны, 19 мектепти, 8 окуу жайды жана башка обьектилерди жылуулук менен камсыз кылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн