Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ош шаарынын борбордук базарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери күчөтүлөт

21.12.2022 10:57
427
Ош шаарынын борбордук базарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери күчөтүлөт



20-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын борбордук базарын кыдырды. Анын алкагында мэр соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан жер тилкелери менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Тиешелүү кызматтарга борбордук көпүрөнүн аймагындагы канализациялык коллектордун аймагын бошотуу, ошондой эле Кара-Суу - Райымбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулуштарды бузуу маселесин кароо тапшырмасы берилди.


Мындан тышкары, калаа башчы “Бексултан” базарында жана “Турснаб” (Шоколад базары) базарына баруучу жолдордо өрткө каршы өтмөктөрдү ачуу боюнча тапшырмаларды берди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн