Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландалууда

10.09.2020 18:40
1356
Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландалууда


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында БишкекОш жолунун бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматы боюнча, аталган трассада автотыгынды азайтуу максатында Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылып жатат.

Ош шаарына түз кирүүчү жол куруу боюнча иликтөөлөрдүн негизинде адистер тарабынан эки алгылыктуу вариант иштелип чыккан, алар Кыргызстандын экономика министрлигинин кароосуна жиберилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн негизги транспорттук артериясынын бири болгон БишкекОш автожолунун стратегиялык маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы аталган долбоорду ишке ашыруу автоунаа тыгынын азайтып, жарандардын Ош шаарына кирип-чыгуусун жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрүн канааттануу менен белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган долбоорду кароону ыкчамдатууга жана жакынкы мезгилде курулуш иштерин баштоого сунуштама берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн