Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору жыл аягына чейин даяр болот

07.09.2022 09:09
606
Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору жыл аягына чейин даяр болот



 Ош шаарынын борбордук деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жумушчу комиссиянын төрагасы, вице-мэр Ж.Азимовдун жетекчилиги алдында өткөн отурумга шаардык кеңештин депутаттары, союз архитектор мүчөлөрү, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.


Кезектеги отурумда деталдык пландоо долбоорун (ПДП) аягына чыгаруу, Ош шаарынын тарыхый борборунун архитектуралык-пландаштыруу өнүгүүсүнүн концепциясын талкуулоо жана ар түрдүү маселелер каралды.


Жыйындын жүрүшүндө талкуу жүрүп, ар кандай суроо талаптар айтылды. Жыйынтыгында деталдык пландоо долбоорун (ПДП) ушул жылдын декабрь айына чейин аягына чыгаруу, өнүгүүсүнүн концепциясына өзгөртүү киргизүү менен кабыл алуу жана ал үчүн зарыл болгон акча каражатын бөлүп берүүнү тездетүү жөнүндө протоколдук чечим кабыл алынды.


Башкача айтканда бекитилген иш-пландын негизинде төмөндөгүдөй жумуштарды аткаруу жагы сунушталды:

- Кезектеги жыйында деталдык пландоо долбоорунун (ПДП) иш аткаруучусу Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун (ГПИ) бул багытта аткарган отчеттук маалыматын угуу;

- “Кыргызреставрация” институтунун Ош шаарынын тарыхый борборунун архитектуралык-пландаштыруу өнүгүүсүнүн концепциясына берилген сунуш талаптардын негизинде өзгөртүү киргизүү менен кабыл алуу;

- Шаарды аралап өткөн дарыя, каналдардын суу коргоо аймагын кайра кароо;

- Жогорудагы жумуштар аткарылгандан кийин коомчулуктун катышуусунда кеңейтилген коомдук угууларды өткөрүү;

- Долбоорду шаардык кеңеш аркылуу бекитип, аны ишке ашыруу боюнча зарыл жумуштарды аткарууга алуу ж.б.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн