Ош шаарынын аймагында 24-26-май күндөрү күнү-түнү ири аскердик машыгуулар өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагына кире бериштерде блок-посттор орнотулуп, аскерлер, аскердик техникалар тартылат.
"Жолдон куралчан аскерлерди, аскердик техникаларды көрсөңүздөр чочулабаңыздар.
Бул - аскердик машыгуу",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн