Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ош шаарынын күнүн белгилөө жөө жүрүш менен башталды

05.10.2021 14:07
828
Ош шаарынын күнүн белгилөө жөө жүрүш менен башталды



Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чара салтанаттуу жөө жүрүш менен башталды. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева, Россиянын Карелия Республикасынан, Новосибирск шаарынан, Өзбекстандын Андижан облусунан келген делегациялар, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы расмий өкүлдөрү, КРнын Президентинин Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Бишкек шаарынын делегациялары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар тургундарын шаар күнү менен куттуктады.


" Бүгүн  маданияттын, цивилизациянын очогу болгон ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат - сүйүктүү шаарыбыздын 3021 жылдык майрамы. 

 Көп улуттуу Кыргыз Республикабыз көз карандысыздыкка ээ болгон жылдардан бери эле шаарыбыз жүрөк толкуткан кубанычтуу да, көңүл чөгөрткөн ар кандай аянычтуу окуяларды да башынан кечирди. 


      Жакшылыкка жар болуп, башыбызга түшкөн ар кандай оор күндөрдү акылман элибиздин биримдиги, ынтымагы, сабырдуулугу менен жеңип келдик.


         Өлкө - аймактары менен күчтүү демекчи, Ош шаары керемет жердин эшиги болууга тийиш. Ош шаарынын башчысы катары дайындалганыма эки айдын жүзү болду. Жаралган көйгөлөр менен үстүртөн тааныш болсом азыр тереңдеп байкап, жеринен көрүп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.


Жакшы кадамдар, илгерки үмүттөрдү максат кылып шаардагы баардык ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте ал жаралган маселенин чечүү жолдорун таап, шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн тынымсыз иштөө багытын койдук. Келиңиздер, бирдиктүү, ынтымактуу болууга бүт күч аракетибизди жумшайлы, шаарыбызды өнүктүрүүгө ар бирибиз өз салымыбызды кошолу.Кереметтүү Ош шаарыбыз нурга бөлөнө берсин”,-деди шаар жетекчиси.


Андан соң, Ош шаарынын өнүгүшүнө салым кошкон, ак ниет эмгеги менен шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүдө тынымсыз эмгек кылган мамлекеттик жана муниципалдык мекеме ишканалардын, саламаттык сактоо мекемелеринин, жогорку жана орто окуу жайлардын, маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери, шаарда ийгиликтүү иш алып барып жаткан өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары салтанаттуу жөө жүрүштөн өтүштү.


Айта кетсек, быйыл Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгилеп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн