Бүгүн, 11-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жарандар менен жолугуп, жеке көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага вице-мэрлер жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары да катышты. Калаа башчы арыз ээлеринин ар бир маселеси менен таанышып, тийиштүү тармактарга чечүү, көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.
Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү материалдык жардам, жер тилкесине уруксат кагазын берүү, турак жай алуу өңдүү маселелерин айтышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн