Бугу 02, 2024
Убакыт: 13:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Ош шаарынын мэри Акжол Махмудовго 250 миң сом тапшырды

27.02.2023 18:04
410
Ош шаарынын мэри Акжол Махмудовго 250 миң сом тапшырды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов грек-рим күрөшү боюнча Азия жана дүйнө чемпиону Акжол Махмудов жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Мэр Жетигенов балбандын жана машыктыруучусунун өлкөнүн, анын ичинде Ош шаарынын спортун өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.


"Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 77 килограммга чейинки салмакта 1-орунду ээлегени үчүн Акжол Махмудовго 250 миң сом жана машыктыруучусуна 50 миң сом тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн