Ош шаарынын мэри КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору менен шаардын спорт тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулады.
Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Шабданбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда мэр К.Шабданбаевди жана жалпы спортчуларды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди жана жеңиштерди каалады.
Жолугушууда Ош шаарында спорт тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери да талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн