Бугу 10, 2024
Убакыт: 08:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ош шаарынын мэри: Таза суу көйгөйүн чечүү приоритеттүү милдетим

23.09.2021 12:45
740
Ош шаарынын мэри: Таза суу көйгөйүн чечүү приоритеттүү милдетим



Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 22 -сентябрда "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасынын объектилерине барды. Бул Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Анын алкагында заманбап реконструкцияланган жана модернизацияланган жабдуулардын иштөө тартиби менен таанышып, аталган ишкананын көйгөлөрүн жеринен көрүп кайтты. 


Алгач “Озгур” суу тазалоочу станциясынын ишмердүүлүгүн, таза сууну хлорлоо станциясынын заманбап жабдууларын көрүп, Кирпичный кичи районунда жайгашкан насостук станциялары, суу кампалары менен таанышты. Ошондой эле, канализация тазалоочу курулмаларды жеринен көрдү.  


А.Мамбетовдун айтымында, учурда эң приоритеттүү милдеттердин бири - жарандарды жазгы суу ташкыны жана сел учурунда таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү. Учурда бир нече долбоорлор каралып жаткандыгын кошумчалады. Муну менен бирге шаар башчысы ишкананын жетекчилигинин суу менен камсыздоо объектилерин реконструкциялоого кошкон салымын белгиледи жана келечекте керектүү инфраструктураны жаңыртуу боюнча пландарды улантууну тапшырды. 


Ош шаарында “Ошшаарсууканал” ишканасынын карамагында жалпы 16 насостук станция бар, алар Ак-Буура дарыясынан алынган сууну элге жеткирүүгө жардам берет. 6 насостук станция реконструкция болгон, 4 станциянын оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат. Ошондой эле, 6 миңдик үч резервуар бар, мындан тышкары ар бир насостук станцияда керектүү суу кампалары курулган. 


Учурда жаан чачын учурда аккан селден арылуу максатында “Озгур” суу тазалоочу станциясындагы суу түтүгүн 2,5 километрге узартуу сунушу берилген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн