Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген унаалардан акы алууну сунуштады.
Калаа башчысы Европа менен Кытайда ушундай тажрыйба бар экенин мисал келтирген.
"Шаарга кирем деген жеңил унаалардан, мисалы, 50-100 сомдон, оор жүк ташуучу унаалардан 100-150 сомдон акы алсак, бир күндө 56 миң автоунаа кирип-чыгат экен. 50 сомдон эсептесек, күнүнө 2 миллион 800 миң сом болот, бир айда 60 миллион сом түшүп калат. Жол, тротуар, бак, соцобъектилерди салганга акча мына", — деди Токторбаев.
Ал президент шаарды өнүктүрүүгө акча бөлүп бергенин эске салып, бирок мындай нерсе дайыма эле боло бербестигин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн