Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ош шаарынын мэри креативдүү жаштар менен бей формал кырдаалда баарлашты

04.11.2021 17:38
725
Ош шаарынын мэри креативдүү жаштар менен бей формал кырдаалда баарлашты


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов «Мetr» уюмунун чакыруусу менен шаарыбыздагы алдыңкы жаштардын өкүлдөрү менен баарлашты. Жумуш убактысынан кийин болгон жолугушууда жаштар шаарда ар кандай креативдүү идеяларды ишке ашыруу, билимге, жаштарга көңүл бөлүү, шаар көйгөйлөрү, жаштардын маданиятын өстүрүү, билимдүү, өнөрлүү жаштарды колдоого алуу, туризмди өнүктүрүү боюнча ойлорун ортого салышты.  


Калаа башчысы жаштардан демилге, сунуш угууга, алардын мүмкүнчүлүктөрүн шаар үчүн пайдаланууга ар дайым даяр экенин билдирип, мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп турууга макулдугун берди. 


Алмаз Мамбетов "Мени кубандырган нерсе жаштарыбыздын арасында конструктивдүү сунуштар, креативдүү идеялар менен ой айткандар көп. Бүгүн да мен өзүмө жакшы таасир алдым. Биз эгемендик алгандан кийинки жылдарда тарбиядан, билимден өксүгөн көп учурлар болду. Бул кемчиликти толтурушубуз керек. Билим менен жаратмандык биздин башкы артыкчылыгыбыз болушу керек. Бирибизди бирибиз сыйлоо, аңы азайып кетти бизде. Билимдүү жаштар коомубузду агартканга, гумандаштырганга жардам бергиле", - деди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн