Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:55
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарынын мэри курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

08.04.2021 17:10
1000
Ош шаарынын мэри курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 8-апрель күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ленин көчөсүндөгү “Достук” эс алуу багындагы курулуш иштерин көрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Көп жылдан бери каралбай калган эс алуу жайы эми каада-салт, үрп-адаттарды өзүнө камтыган этно жайга айланат.


Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытын колго алуу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү үчүн жеке ишкерлерди инвестор катары тартып, аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экендигин билдирди. Достук эс алуу жайы шаардын көркүнө дагы салып кошот деп кошумчалады.


Жеке ишкер Санжар Толубаев эс алуу жайында боз үйлөр, музыканын коштоосунда “бийлөөчү” оргумалар, LED экрандары коюлуп, шаар тургундары үчүн атайын отургучтар менен кооздолот деди. Ошондой эле, этно стилиниде болгондуктан улуттук музыкалар коюлуп, тамактануучу жайларда утуттук тамак-аштар боло тургандыгын билдирди. Долбоор үч айдын ичинде бүтүп, шаардагы кооз эс алуу жайларынын катарын толуктайт.


Маалым болгондой, 5 жылга ижарага берилген жай жергиликтүү бюджетке жылына 1 млн сом которот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн