Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов үч эм төрөгөн Жаңылай Маданбекованын үйүнө барды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.
Анда калаа башчы үч эмдин апасын 8-март - Эл аралык аялдар күнү менен куттуктап, энеге жана балдарына чың ден соолук, бакубатчылык каалады. Ага улай үч эмдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү.
Эске салсак, 14-февралда Жапалак айыл аймагынын Арек айылынын тургуну Жаңылай Маданбекова үч эм: эки уул, бир кызды жарык дүйнөгө алып келген. Ж.Маданбекованын дагы эки баласы бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн