Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарынын мэри жеке маселеси менен кайрылган адамдарды кабыл алды

13.12.2022 16:27
482
Ош шаарынын мэри жеке маселеси менен кайрылган адамдарды кабыл алды


Бүгүн, 13-декабрда Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, калаа тургундарын Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардын вице-мэрлери, мэриянын бөлүм башчылары, шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, МАБ башчылары менен бирге кабыл алды.


Жарандар муктаж болгондорго акчалай жардам көрсөтүү, жер талаштарын, коммуналдык көйгөйлөрдү чечүү, айрым долбоорлорго уруксат алуу, турак-жай алуу, анын ичинде ипотекалык программага катышуу, документ маселелерин айтышты. 


Ар бир жарандын кайрылуусуна жооптор берилип, бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн