Бүгүн, 26-декабрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.
Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, кубаныч жана окууларына ийгиликтерди каалады.
Майрамдык салтанатка 500гө жакын социалдык жактан аялуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ар кандай сынактарда, олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучулар катышты.
Балдар үчүн шаардык маданият башкармалыгы жана “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан жаңы жылдык театралдаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерттик программа уюштурулду.
Иш-чаранын аягында аларга жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн