Жакында Бишкекте шаарында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевге таандык деген "хан сарайдын" тасмасы тараган.
Тасманы тарткан адамдын айтымында, үйдүн курулушу жергиликтүү орус жана өзбек жарандары тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Ал үй Сарыбашевдин бир тууган жээнине катталганы белгилүү болду.
Үйдүн ички көрүнүшүн тарткан адамдын айтымында, мэрдин Бишкек жана Ош шаарларында 38 батири бар.
Жогору аталган маалыматтарга байланыштуу Ош шаардык мэриясы комментарий беребиз десе редакциябыздан орун берүүгө даярбыз.
Пикирлер (2)