Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарынын мэриясы Таалайбек Сарыбашовдун үгүт материалын эмне үчүн бөлүшкөн?

05.11.2021 12:35
962
Ош шаарынын мэриясы Таалайбек Сарыбашовдун үгүт материалын эмне үчүн бөлүшкөн?

Ош шаардык мэриясы социалдык тармактарда мэриянын расмий баракчасы аркылуу талапкер Таалайбек Сарыбашовдун үгүт видеосунун бөлүнүшү тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана мэриянын азыркы учурдагы аппараты шайлоого даярдык иштери башталгандан баштап Президент С. Жапаровдун шайлоону таза өткөрүү, административдик ресурсту колдонууга кескин бөгөт коюу боюнча талаптарына ылайык чараларды көрүп келе жатат. Буга чейин бир нече жолу жыйындар өтүп, кызмат адамдарына катуу эскертүүлөр берилип келген. Жетекчилердин шайлоого аралашып кетүү ыктымалдуулугунун алдын ала чаралары көрүлгөн. Ош шаардык мэриясы эч кандай кайсы бир талапкердин пайдасына иш алып барбайт. Шайлоону таза, адилеттүү өткөрүүнү гана максат кылат.


Талапкер Т. Сарыбашевдин видео кайрылуусун Ош шаардык мэриясынын расмий баракчасына Ош мэриясын коомчулук менен байланыш кызматы бөлүшкөн эмес. Коомчулук менен байланыш кызматынын мурунку кызматкерлери Азамат Абсатаров менен Замира Ниязбековада баракчага кирүү мүмкүндүктөрү кол телефондорунда сакталып калган. Бөлүшүү ошол тараптан болгон. Тактап айтканда, талапкер Т. Сарыбашевдин шайлоо штабында иштеп жаткан, коомчулук менен байланыш кызматынын мурунку жетекчиси Азамат Абсатаров тарабынан кокусунан бөлүшүлгөн. Себеби Азамат Абсатаровдун кол телефонунда мэриянын расмий баракчасынын администраторлугу сакталып калган. Администраторлуктан ушул күнгө чейин баш тарткан эмес. Бул иш боюнча аймактык шайлоо комиссиясы, шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтөө башталды.  


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов күнөөлүү жактарга, кызмат адамдарына чара көрүү боюнча тапшырма берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн