Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 14:02
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жаштар борбору курулууда

22.10.2024 12:25
710
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жаштар борбору курулууда


Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясына караштуу Жаштардын муниципалдык борборунун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3 кабаттан турган жаштар борборунда жаштардын ар тараптан өсүп-өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, IT-Хаб, акысыз чет тил курстары, китепкана, коворкинг, компьютердик бөлмөлөр болот.

Борбордо жаштар окуп, жаңы долбоорлорду, идеяларды талкуулашып, чыгармачыл жана инновациялык иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алышат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жаштар борбору өлкөдөгү биринчи борбор болуп саналат. Долбоордун жалпы суммасы 46 млн сомду түзөт. 100 миң доллар БУУнун Өнүктүрүү программасынын Жаштарды колдоо долбоорунан бөлүнөт. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы жаштардын саны 150 миңден ашат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн