Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаарынын милициясы 9 айда аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарды

21.10.2022 13:28
289
Ош шаарынын милициясы 9 айда аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгында өткөн 9 ай аралыгында өздүк курамдын аткарган ыкчам- кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


    Жыйын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитовдун төрагалыгында өттү. Жетекчилик курамдан башкармалыктын начальнигинин орун басарлары милициянын полковниктери Улан Жукенов, Бакыт Исраилов, Таалайбек Нурбаев катышышты. Анда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгында өткөн 9 ай аралыгында өздүк курамдын аткарган ыкчам- кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, санариптештирүүнүн жүрүшү, аймактык тескөөчүлөрдүн атайын планшеттерге маалыматтарды топтоодогу жетишкендиктери менен кемчиликтери каралды. Бул каралган маселелер боюнча бөлүм жана кызмат башчылары чыгып, тиешелүү маалыматтарды беришти. Жетишпегендиктер менен кемчиликтер айтылып, кошумча иш аракеттерди көрүү ар бир кызмат жана бөлүм башчыларына милдеттендирилди. 


   Андан сырткары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги мурда катталган кылмыштарды ачуу боюнча ыкчам иштерди күчөтүү, тергөөчүлөр тарабынан соттук кароого тиешелүү материалдарды тергөөнү сапаттуу аяктап жөнөтүү, ар дайым аткарылган иштерге анализ жасоо менен аткарылуучу иштерди туура пландаштыруу, кызматтагы иш кагаздарын максималдуу санариптештирүү, өздүк курам арасындагы кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекем сактоо талаптары коюлду. Ошондой эле кыш айларынын жакындап келе жаткандыгына байланыштуу кызматтык имараттарды оӊдоо, жылуулоо иштерине көнүл буруу, кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча тынымсыз аракеттерди көрүү зарылдыгы айтылды. Жыйын соӊунда өткөн 9 ай аралыгында башкармалык тарабынан аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча бир нече пункттардан турган чечим кабыл алынды. 


            

                               

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн