Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарынын "Тазалык" ишканасынын имараты толук оңдоодон өтүп, 12 жаңы техника алынды

25.01.2022 16:44
1085
Ош шаарынын "Тазалык" ишканасынын имараты толук оңдоодон өтүп, 12 жаңы техника алынды


Бүгүн, 25-январда Ош-Тазалык муниципалдык ишканасына 12 таштанды ташып чыгаруучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Европа Биримдигинин КРдеги элчиси Эдуард Ауэр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы аймактык директору Айтен Рустамова катышты. 


Жаңы техникалар ЕБӨР, ЕИБ жана ЕБнин колдоосунда алынып, Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкарууга жардам берилүүдө. Аны менен катар Ош-Тазалык ишканасынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин кабинетинен тартып склад, унаа жуучу жайынан бери жаңыланды. Ага кошумча кызматкерлер жана жумушчулар үчүн ашкана ишке берилди.  


Мэр Алмаз Мамбетов бул иштер Ош шаарынын тургундары үчүн таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Алдыда долбоордун алкагында полигон куруу маселеси талкууланды. 


Эскерте кетсек, долбоор ЕРӨБ жана ЕИБ тарабынан каралган 2 млн. жана 3 млн. евро суммасындагы параллелдүү кредиттердин эсебинен каржыланууда. ЕБ да долбоорду ишке ашыруу үчүн 5 млн. евро грант бөлүп берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн