Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:19
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ош шаарынын туристтик логотиби иштелип чыкты

17.12.2021 16:05
861
Ош шаарынын туристтик логотиби иштелип чыкты

Бүгүн, 17-декабрда, мэр Алмаз Мамбетов шаардын брендин презентациялаган. Ага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтик компаниялар жана тургундар катышты.


Туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн. Анын ичинен россиялык дизайнер Михаил Чулиндин эмгеги жактырылган.


"Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен чыгат. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, калаанын символу болгон Сулайман-Тоо, жарым Ай жана жылдыз камтылган. Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Мамбетов мэрлик кызматка келгенден тартып Ош шаарын туристтик аймакка айлантуу максатын койгонун айтып, бул алгачкы кадам болгонун белгиледи.

Иш-чарада туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн