Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:03
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ош шаарынын жашоочуларынын тобу президент С. Жээнбеков жана премьер-министр С. Жапаровду колдоп чыгышты

12.10.2020 17:28
2938
Ош шаарынын жашоочуларынын тобу президент С. Жээнбеков жана премьер-министр С. Жапаровду колдоп чыгышты

 

12-октябрда Ош шаарындагы АКИpress-Ош агенттигинде жергиликтүү жашоочулардын тобу маалымат жыйынын беришти. Алар Садыр Жапаровду легитимдүү премьер-министр деп эсептешет. Ошол эле убакта Сооронбай Жээнбековдон президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп берүүсүн өтүнүшөт. 


Маалымат жыйынынын катышуучуларынын айтымында С. Жээнбеков мамлекеттеги стабилдүүлүк үчүн ээлеген кызматында калышы керек. 


Жергиликтүү жашоочу Абдыкайым Кангелдиев өлкөбүздө түзүлгөн кырдаалга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдөгү одоно бузуулар себеп болду дейт. «Мыйзамдуу премьер-министр шайланганда көптөгөн саясий топтор ага каршы болушту. Садыр Жапаров – легитимдүү премьер-министр, ал эми Сооронбай Жээнбеков – президент. Ал президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин калышы керек. Биз муну суранабыз», - дейт ал. 


Дагы бир жашоочу Зуура Сатыбалдиева Садыр Жапаров бул күндү 8 жыл күттү деп эсептейт. «Биз болсо 30 жыл күттүк… Буга байланыштуу биз Жапаровдун легитимдүүлүгүн таанууга чакырабыз. Сооронбай Шарипович, мыйзамдуу президент катары мөөнөтүнүн аягына чейин калышы керек», - дейт Сатыбалдиева. 


Ушундай эле ойлорун маалымат жыйынынын башка катышуучулары да билдиришти.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Goalika
Ажообуз жок ит эле болупатабыз неге ушунун баарынын не керегеги бар тыч жашооону бузуб туура эмес откон шайлоону карап чык деб жаткам ага жетбейле ойлогон ойуну ишке ашыргандар ашырды
Калчакеев Чолпонбай
Келиниз Ажобуз келиниз.
Эргешов Абдыманап
Калсын
Танзиля сатимова
Колдойвуз