Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош спорт комитетинин жаңы жетекчиси мэр Сарыбашевдин жан сакчысыбы?

24.12.2020 08:16
778
Ош спорт комитетинин жаңы жетекчиси мэр Сарыбашевдин жан сакчысыбы?

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин Бекдөөлөт Абакиров жетектеди. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев 23-декабрда кол койду.


Бекдөөлөт Абакиров   5-6-октябрь окуяларында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин кайтаруучусу болгонун "Кактус-Медиа" сайты жазып чыкты.


"Ош шаардык кеңеши шашылыш түрдө Таалайбек Сарыбашевге ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин эртеси мэр сүрөөн менен борбордук аянтка келген. Мына ошол жерде Таалайбек Сарыбашев сөз сүйлөп жатканда жанында Абакировду көрүүгө болот", - деп жазат аталган сайт.


Белгилей кетсек, буга чейин Ош дене тарбия жана спорт комитетин Кылычбек Саркарбаев жетектеп келген. Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалып, тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Табалды Джолдубаев
Таалайбек Сарбашев татыктуу