Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош жана Анжиян облустары туризм тармагында кызматташат

01.08.2022 11:42
1093
Ош жана Анжиян облустары туризм тармагында кызматташат


Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун башчысынын орун басары Ботиржон Хамраевди, Анжиян облусунун Кургантепа жана Асака райондорунун акимдерин кабыл алды.


Жолугушууда тараптар экономика жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташууну, Ош жана Анжиян облустарынын достук мамилелеринин алкагында аткарыла турган иштерди талкуулашты.


«Ош облусунда тоо туризмине жакшы шарттар түзүлүп жатат. Бизде өзбекстандыктарды жана чет элдик туристтерди кызыктырган көптөгөн туристтик жерлер бар. Бүгүнкү жыйындын максаты - Өзбекстандан Ош облусуна келген туристтердин санын көбөйтүү. Ошон үчүн Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда өткөн иш-чарага Анжиян облусунун делегациясын чакырдык. Туризм тармагын өнүктүрүү жана туристтерди тартуу боюнча аракеттерибизди улантабыз», - деди Зиядин Жамалдинов.


Белгилей кетсек, Ош жана Анжиян облустарынын ортосунда “Достук” келишимине кол коюлган. Анын алкагында жол картасы түзүлүп, эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн