Кыргызстандын айрым шаарларына жана аймактарына өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу аэропорттордогу Эл аралык каттамдардын убактылары жылуусу мүмкүн. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө абалдын талабына ылайык аэропортко билети жок адамдар киргизилбейт. Мындан сырткары учуу убактысын жана күнүн тактабай келген жарандар аэропортко киргизилбейт.
Каттамдар тууралуу билүү үчүн авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө түз байланышууга чакырат
“Москва-Бишкек-Москва” каттамы – “Аэрофлот”, тел.: +996 (312) 620 071, 620 072, 620 073.
“Новосибирск-Бишкек-Новосибирск” – Сибирь”Авиакомпаниясы “, тел.: +996 (312) 910 460.
“Москва-Ош-Москва” каттамы –“Авиа Траффик Компаниясы” Авиакомпания тел.: +996 (312) 544 788, 544 790 жана (552) 500 557.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн