Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абал облусунун Аксы районунун Мундуз айылында 3 балл, Ак-Сай жана Сары-Кашка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ал эми, Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул Ош облусунун Алай районунун Көк-Суу айылында 4 балл, Нура айылында 3 баллга чейин билинген.
Маалыматка таянсак, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн