Бугу 09, 2024
Убакыт: 15:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

ОшМУ Кытайдын Сиань Сыюань университети менен кызматташат

08.06.2023 13:17
513
ОшМУ Кытайдын Сиань Сыюань университети менен кызматташат


КР Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде ОшМУ менен Кытайдын Сиань Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Иш-чара ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Кытайга болгон жумушчу иш сапарында орун алды. Ректор Кожобеков баштаган делегация Сиань Сыюань университети менен таанышып, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташуу багыттары боюнча пикир алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн