Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ОшМУда 4-курста окуган кызды сүйлөшкөн жигити үйүнө чакырып, бычактап көмүп салган

ОшМУда 4-курста окуган кызды сүйлөшкөн жигити үйүнө чакырып, бычактап көмүп салган

Ошто дайынсыз жоголгон 4-курстагы студент кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.


Милициянын маалыматына ылайык, ал киши колдуу каза болгон жана кылмышка шектүү адам кармалды. Окуянын чоо-жайы: Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2000-жылы туулган кызы 30-январда саат 09:00 чамасында окууга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Бул маалымат Ош ШИИБи тарабынан 2022-жылдын 31-январында катталган.


Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган. Кылмышка шектелип Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, ОшМУнун 4-курсунун студенти Н.А. качып жүргөн жеринен кармалды.


Шектүү Н.А. алгачкы көрсөтмөсүндө “2022-жылы 30-январда саат 10:00 чамасында тааныш, сүйлөшүп жүргөн кызым Т.М. менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан ажатканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым. Эртеси, 31-январда Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим”, - деп билдирген.


Кылмышка шектүү А.Н.нын көрсөтмөсүнүн негизинде, бүгүн 18:00 чамасында Кара-Суу районундагы Ишкаван айылындагы шектүү короого кароо жүргүзүлүп, үйдүн түндүк тарабындагы дубалы менен короонун дубалынын ортосунан болжол менен 35-40 сантиметр тереңдикте казылган чуңкурда дайынсыз жоголгон 2000-жылы туулган Т.М.нын жансыз денеси табылган.


Дене ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдарынын таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерин жактоочусунун катышуусунда көрсөтүп берген. Денени алгачкы кароо учурунда анын денесинин үстүнкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдун натыйжасында келтирилген дене жарааттары бар экендиги аныкталган.


Кармалган жаран Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, күбөлөр жана жабырлануучу тарап суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн