Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

ОшМУга Каныбек Исаковдун атын ыйгаруу сунушталды

03.12.2020 12:23
786
ОшМУга Каныбек Исаковдун атын ыйгаруу сунушталды

Ош мамлекеттик университетине экс-билим берүү министри Каныбек Исаковдун ысымын ыйгаруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн 3-декабрда депутат Жанар Акаев парламент жыйынында билдирди.


Депутат экс-министр ректор болуп турган кезде ОшМУну аз убакыттын ичинде жаңы деңгээлге чыгарып, билим берүү мекемеси үчүн көп иш жасаганын айтып өттү.


Каныбек Исаков студенттер үчүн жаңы факультет, адистиктерди ачты, университеттин инфраструктурасын абдан мыкты деңгээлге чыгарды. Аз убакытта 14 жаңы имарат курду, эки медициналык клиника, бир чоң студенттик жатакана салдырды. Каныбек агайдын жаратмандык ишине бул жердеги депутаттар дагы баа берип келишкен. Чыгаан агартуучу Каныбек Исаковдун эмгегин баалап, атын түбөлүккө калтырып, келечек муунга үлгү болушу үчүн Ош мамлекеттик университетине ысымын ыйгарууну демилгелейм”, - деди Акаев.


Белгилей кетсек, экс-билим берүү министри Каныбек Исаков ноябрь айында оорудан көз жумган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн