Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу операция жасалды

26.01.2023 16:53
298
ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу операция жасалды

ОшМУнун медициналык клиникасында  ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды.

Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады.


“Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саат созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказынан операцияны ийгиликтуүү жасап бүттүк”,-деди врач-хирург,онколог Жанек Белеков.


ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.


Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алынып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн