Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошко Екатеринбургдан 233 жаран чартердик каттам менен келишти

31.05.2020 09:41
1065
Ошко Екатеринбургдан 233 жаран чартердик каттам менен келишти


“Ош” эл аралык аэропортунда кечээ, 30-майда “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург - Ош рейси менен чартердик каттамын тосуп алышты, аны менен 233 КР жараны кайтып келди.


Республикалык штабдан маалымдашкандай, авиарейс дүйнөдө пандемиядан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиа билдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.


Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылбай калган "Урал авиа каттамдары" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес.


Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга  жайгаштырылды. 


Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер дагы улантылат, деп билдирди Республикалык штаб.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн