Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошко Екатеринбургдан 243 жаран кайтып келди, арасында турмушу оорлор бар

11.07.2020 08:26
1541
Ошко Екатеринбургдан 243 жаран кайтып келди, арасында турмушу оорлор бар


“Ош” эл аралык аэропорту кечээ, 10-июлда «Ураль авиалиниясы» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Республикалык штабдан билдиришкендей, мекенге 243 КР жараны кайтып келди.


Бул каттам менен орусиянын жогорку окуу жайларынын студенттери, КРга кайтып келүүгө өтө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Магнитогорск, Салехарддагы жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.


Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Ураль авиалиния» авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн