Россиянын Москва шаарынан Ош шаарына Кыргызстандын 158 жараны учуп келди. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.
Маалыматка караганда, 17-августтагы чартердик каттамды «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясы уюштурган.
"Тизме комиссия тарабынан жарандардын кайрылуусунун негизинде түзүлгөн. Кайтып келген жарандардын арасында студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар бар", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн