Бугу 07, 2024
Убакыт: 16:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ошко Москвадан 162 кыргыз жараны учуп келди

20.08.2020 09:46
1026
Ошко Москвадан 162 кыргыз жараны учуп келди


“Ош” эл аралык аэропорту 19-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын Москва – Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. 


Маалыматка караганда, Россиядан 162 КР жараны кайтып келди, алардын арасында  жаш балдар бар. 


Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМ жана Россия Федерациясындагы Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн. 


Каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн