“Ош” эл аралык аэропорту 23-июлда "Москва-Ош" багыты боюнча чартердик каттамын
тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Москвадан 301 жаран келген, алардын
арасында жаш балдар да бар.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган кыргызстандыктарды
кайтаруу боюнча иштер уланып жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн