Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошко Москвадан 343 кыргыз жараны учуп келди

05.07.2020 13:39
993
Ошко Москвадан 343 кыргыз жараны учуп келди


Ош шаарына Москвадан 343 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, “Ош” эл аралык аэропортунда 5-июлда Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.
Кыргызстанга Россиядан 343 жаран кайтып келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүл
гөн. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн