Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошко Москвадан 355 жаран келди, арасында төрөтү жакындаган келиндер бар

13.06.2020 13:25
1167
Ошко Москвадан 355 жаран келди, арасында төрөтү жакындаган келиндер бар


Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот-Россия авиалиния» компаниясынын «Москва-Ош» каттамы менен Россиядан Кыргызстанга 355 жаран кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.


Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна жана борттогу орундуктар чектелүү болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москванын Кыргыз медициналык клиникасынан жана РФ элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар тандалып алынган.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат, деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн