Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ошко Москвадан Кыргызстандын 155 жараны кайтып келди

06.08.2020 09:30
988
Ошко Москвадан Кыргызстандын 155 жараны кайтып келди



«Ош» эл аралык аэропортунда 5-августта «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Моксва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен мекенине Россиядан 155 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.



Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери бар жана буга чейин Россияга хирургиялык операция жана башка олуттуу медициналык процедураларды жасатууга келген жарандар, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу, кайтууга олуттуу себептери бар жана татаал турмуш кырдаалына кептелген жарандар кирди.


Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн