Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 15:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Ошко Москвадан дагы 245 кыргызстандык жаран учуп келди

19.08.2020 11:47
824
Ошко Москвадан дагы 245 кыргызстандык жаран учуп келди


Бүгүн, 19-августта «Урал Авиалиния» авиакомпаниясынын Москва – Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстанга Россиядан 245 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. 


Маалыматка караганда, борттогу орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан тизме комиссия тарабынан түзүлгөн.  


Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар киргизилген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн