Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ошко Россиядан дагы 181 кыргыз жараны кайтып келди

19.08.2020 09:17
957
Ошко Россиядан дагы 181 кыргыз жараны кайтып келди


Ош шаарына 18-августта Россиянын Новосибирск шаарынан Кыргызстандын 181 жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда кайтып келүүгө муктаж болгон жарандардын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн.


«Ага кош бойлуулар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирсктеги клиникаларында операция жасаткан адамдар, депортацияланган жарандар жана жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк Сахалинск, Владивосток, Петропавловск-Камчат, Якутск ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти», - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн