Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ошко тилемчилик кылуу үчүн кошуна өлкөдөн келген 6 үй-бүлө шаардан чыгарылды

08.04.2022 12:22
513
Ошко тилемчилик кылуу үчүн кошуна өлкөдөн келген 6 үй-бүлө шаардан чыгарылды

Тилемчилик жасоо үчүн коӊшү мамлекеттен келген 6 үй-бүлө Ош шаарынын аймагынан чыгарылды. Шаарда коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган «Нелегал» деген аталыштагы профилактикалык иш чара уланууда.  Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Бул иш чаранын учурунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алдын ала бекитилген иш мерчемге ылайык бир топ комплекстүү иштер аткарылууда. Ош ШИИБнын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан , Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартибинин эрежелерин бузган жарандарды аныктоо, мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартуу дагы бул иш чаранын жүрүшүндө аткарылуучу иштердин бири болуп саналат. Ош ШИИБнын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан иш чаранын жүрүшүндө жогоруда белгиленген талаптарды бузган 39 жаранга Кыргыз Республикаснын укук бузуулар кодексинин 431-беренесинин (Чет элдик жарандардын КР аймагында белгиленген жүрүү тартибинин эрежелерин бузуу) негизинде айып пул салынды. Андан сырткары коӊшу мамлекеттерден Ош шаарынын аймагына, рамазан айында жарандардын кайрымдуулук жасоого жасаган аракети көбөйгөн учурунан пайдаланышып, тилемчилик жасоо үчүн келишкен 6 үй бүлө аныкталды. Алардын ар биринеде кеминде 3төн үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Алар Ош шаарынын аймагынан жер үйлөрдү убактылуу ижарага алышып, тилемчилик жасоо менен күн өткөрүшкөн. Айрым учурларларда жол бойлоруна, жол ортолоруна чыгып алышып, жол кыймылынына тоскоол жаратышкан. Жүргүзүлгөн профилактикалык иш аракеттерден соӊ бардык 6 үй-бүлө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетишкен.


Учурда Ош шаарынын аймагында «Нелегал» профилактикалык иш чарасы уланууда.

Сүрөттө: Коӊшу мамлекеттен тилемчилик жасоо үчүн келген жарандар жана алардын жашоо шартынан көрүнүш.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн