Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу Ош облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Өкмөттүн жаңы өкүлүн жамаатка вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырган.
Белгилей кетсек, Байыш Юсупов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары болуп иштеп келген. Буга чейин ал Ош облусуна убактылуу жетекчи болуп дайындалган.
Өмүр баяны
Байыш Юсупов 1957-жылы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында төрөлгөн.
1979-жылы Орусиянын "Иванов" текстиль жана жеңил өнөр-жай институтун, инженер-технолог адистиги, 2003-жылы Ош технологиялык университетин бухгалтер-экономист адистиги боюнча бүтүргөн. 2012-жылы "Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикалык эффективдүүлүгүн көтөрүү" деген темада диссертациясын жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
Эмгек жолу:
1979-1988-жылдарда "Октябрдын 50 жылдыгы" атындагы Ош пахта комбинатында (ХБК) катардагы кызматкерликтен, өндүрүштүн жетекчисине чейинки кызматтарда иштөө менен башталып, 1988-жылы Ош облустук элдик көзөмөл комитетинде бөлүм башчы;
1989-1993-жылдарда Кара-Суу пахта тазалоочу заводунун директору;
1993-2009-жылдарда "Ак-Алтын" АКсынын жетекчиси;
2009-2012-жылдарда Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрация башчысы-акими;
1990-2013-жылдар аралыгында Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы;
2013-жылдан тартып ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп эмгектенген.
2001-жылы Кара-Суу районунун социальдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын "Данк" төш белгиси менен сыйланган. Футбол боюнча спорттун чебери, Кыргыз өлкөсүндө бир канча жолу чемпион жана вице-чемпион болгон, эл аралык ареналарда өлкөнүн намысын коргоп келген "Жаштык-Ак-Алтын" футболдук командасынын негиздөөчүсү.
Кыргыз, орус жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн