… Түкөм өткөн жылдын соңунда мааракесин белгиледи… Бишкекте улуу кар, ушул улуу карда жүрөктүн бир тамырына жылуулук ыроолосун деп бир ууч сөз Залкарга…
Сезим эскизи
Түгөлбай Казаков... Түкөмүн ысмын укканда тээ алыскы балалыкка, кырчын курак жаштыкка сапар алып жөнөгөндөй сезебиз...
Ошол жылдардын катмарынан биздин жүрөгүбүзгө , кан тамырларыбызга жылуулук аралап, артта калган жылдардын сыбызгыган обонун угабыз...
Ошол обон менен кошо жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан кусалык, сагыныч, эңсөө, ээ-жаа бербеген сезимдердин кыймы –чийме удургушу алыскы мезгилдин жакынкы ыргагына алып жөнөйт... Ал ыргакта биздин жаштыктын Күн табагындай болгон улуу нуру жатат... Ал нурга менин куракташ замандаштарым ыйык суудай чайынып, алыскы обондон өзүнүн жаштыгынын элестерин көзүнө чөктүрөт...
Ошол ыргакта, ошол обондо, ошол музыкада биз сыяктуу эчен муундун өмүрбаяны калды... өткөн күндөр ыр болуп келип, элес болуп сезимдин күлүк тулпарына миндирип жылдардын бир жылдарына, мезгилдин бир мезгилине толкундай ары оодарып, бери оодарып эстен чыгып бараткан эски сүрөттөй элестерге жан киргизип, жашоонун үлбүл жарыгын алып келет... бир кезде мээге кыттай куюлган, ошо мээ тамырындай терең сиңип кеткен туюмдарды эч ким бизден, биз эч кимден ажырата албагандай дамамат ошол доорго жипсиз байлангандай сезебиз...
Ошол дүйнөбүздү бизге Түкөм, Түкөмүн ошол доор жыттанган ырлары кайрып бергендей, ошол ырлар бизди канатына олтургузуп ошо мезгил саябаны “алтын балалыка” алып кеткендей сезилет... Улуу Шопенден сураган турбайбы “Кайсы ыр түбөлүктүү?” деп... Анда ал айткан экен “Ар бир адам жүрөгүндө кыңылдап ырдалган ыр түбөлүктүү” деп. Бул ойдун чындыгына ушул сөздөрдү жазып олтуруп дагы бир ирет ынанып олтурам... Ынанам да... ошо эле учурда миллиондогон жүрөктөрдү “кыңылдатып салган” Түкөмдүн улуулугуна таазим этем... Анын ыры - жашоодой, үмүттөй, жашоого болгон Улуу сүйүүдөй сезилет, ошол сүйүүнүн жанар оту жүрөктөрдө уюп жатат, ошол отту жандыралбай өз сүйүүсүнө жетпей дүйнө кезип кеткен улукзаададай, ээн талаа безип кудум тентип кеткен дербиштей, кунун таштап ашыглыкка башын сайган мусапырдай... сезимдер шаасы көкүрөктөгү муштумдай кабыкка батпай удургуп тургандай сезилет... Ал туюм кыңырыгы түтөгөн улуу “кыңылдаган обонду” биз менен түбөлүккө таштап кеткендей, биз анын түбөлүктүүлүгүнө айланып кеткендейбиз...
“...Алтын балалык” “...Элегия” “...Жамгыр”... бул ырлар мезгилдин автопортрети...
...0 – жылы, 0-айда, 0 мүнөттө, 0 секундда космикалык жумуртка жарылып, андан соңку экинчи жарылуу жер жумурткасынын чел кабыгын 280 бөлүккө бөлүп, ошол улуу караңгылыктагы чачырандыдан жарык, жылуулук, чаң сапрылып Жаңы Аалам жаралган дейт... ошол Жаңы аалам алгачкы кайрыкты, сыбызгыган жаңы мегилдин симфониясын жараткан, ошол ыргак менен мезгилдин алгачкы кадамы башталган деп Эдмонд Уэллстин жазганы бар...
“Бу дүйнөнүн жаралышындай күчкө музыкадан өткөн улуу күч жоктур” деп ичибизден ой болгойбуз... Бетховендин тогуз симфониясын, Моцарттын, Григдин, Дебюсстин, Бахтын, Сэмюл Барбердин, Гюстав Хольстун “Планетасын”, рок музыка шаалары Майкл Олдфилддин, Питер Гэбриэлдин, “Йес” менен “Пинк флойддун” музыкасын укканда ошол күчкө кантип таазим этпейсиң, ошол күчтү кантип туйбайсың?!
Музыка дүйнөнү жаратат...
Биздин да ошого тете дүйнөбүздү жараткан, мезгилтаанымын өзгөртөөр улуу күч бар. Ал – муза дүйнөсүнөн Рыспай, анын шакирти Сиз, Түкө өзүңүзсүз. Анткени, экөөңөр артыңардан бир Доордун кайрыгын калтырдыңар...
Ал кайрык...тагдырдын кайрыгы, биздин кайрыгыбыз...
...Ушул саптарды жазып олтурганда кеч күздүн ала шарбыт жамгыры жаады...
Ошол жамгырдан Сизди эстедим Түкө... мен сыяктуу башкалар да Сизди эстесе керек...
Ошол жамгырдан...
Султан РАЕВ, жазуучу
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн